Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАНДЫК ДООГЕР – кылмыш ишинен улам мүлктүк зыян тартуу менен, анын ордун толтуруп берүү талабын койгон жеке же юридикалык жак. Эрезеге жетелек балдардын, ошондой эле белгиленген тартипте аракет кылууга жарамсыз деп табылган адамдардын кызыкчылыгын коргоо үчүн жарандык доо алардын мыйзамдуу өкүлдөрү же прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн. Тергөөчү менен сот Ж. д-дин талабын таануу тууралуу токтом чыгарат.